Биз менен байланышыңыз

6-октябрда айрым райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 305 | 0

6-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ош, Ысык-Көл облусунда нөшөрлүү жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз  +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн  -3…+2, күндүз +7…+12;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +9…+11.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM