Биз менен байланышыңыз

Мугалимдер күнүнө карата кызыктуу фактылар

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 1000 | 0

Мугалимдер тууралуу декларация 1994-жылдын 5-октябрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Ошол күндөн тартып, бул күн дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө Мугалимдердин эл аралык күнү катары белгиленип келет.

Кыргыз Республикасында мугалимдердин кесиптик майрамы 2014-жылга чейин октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленип келген. 2014-жылдын 24-октябрында кабыл алынган Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2015-жылдан тартып, Мугалимдер күнү туруктуу түрдө 5-октябрда майрамдалат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстандын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 9 пайызга жакыны билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.

Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык мекеме иштейт. Аларда 110 миңге жакын педагог, 1,8 млн окуучу бар.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп мугалимдин кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт.

2019-2020-окуу жылынын башына карата республикада 2283 күндүзгү жалпы билим берүүчү мекеме иштеген.

Президент: Мугалимдердин коомдогу баркы жогорулап жатат

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдердин саны кыйла арбын.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 9 пайызга жакыны директор жана анын орун басары кызматын аркалайт.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2019-2020-окуу жылынын башталышына карата мугалимдердин 87 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү болгон.

Мектептерде мугалимдердин жүгү оор бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет.

Шаардагы мугалимдерден айылдагы мугалимдердин жүгү кыйла айырмаланат. Айталы, шаар жерлериндеги мектептерде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, айыл мектептеринде орточо 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир жетинчи студент педагогдук кесипти тандаган.

2019-2020-окуу жылында республикадагы бардык жогорку окуу жайларын 4 миңден ашык студент мугалим адистигинде аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM