Биз менен байланышыңыз

«Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар БШКнын алдына чогулууда»

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 466 | 0

«Чоң казат» саясий партиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын тааныбайт. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Максат Мамытканов Бишкекте өтүп жаткан митингде билдирди.

«Көрүп жатасыңар, көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатат. Ошонун баары катталган эмес. Буга көңүл бурайын деген эч ким болбой жатат. Ошондуктан баарын ачык айтып чыгып жатабыз. Кыргызстан боюнча «Форма №2» менен эле жарым миллион киши нары-бери ташылып жүрдү. «Чоң казат» саясий партиясы шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайбыз, ишенбейбиз. БШКнын алдына бизге окшоп нааразы болгон партиялар чогулуп жатат. Ошолор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Биз башаламандыкка алып барбайбыз. Бирок мыйзам чегинде шайлоонун жыйынтыктарын таныбоого алып барабыз. Эл бизге калыс болуп бергиле», — деди Мамытканов.

Буга чейин Бишкекте «Социал демократтар» да нааразычылыкка чыгышкан.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM