Connect with us

Баштапкы эсеп боюнча «Мекеним Кыргызстан» алдыда

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 3165 | 0

Кечки саат 20:30га карата 2039 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Бул бардык шайлоо тилкелеринин 82,38 пайызын түзөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1 млн 604 мин 562 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 45, 54 пайызын түзөт.

«Биримдик» партиясы — 23,60;

«Мекенчил» — 6,91 пайыз;

«Ыйман нуру» — 3,37;

«Мекеним Кыргызстан» — 24 пайыз;

«Реформа» — 1,55 пайыз;

«Ата мекен» — 4,02;

«Замандаш» — 2,12 пайыз»

«Бүтүн Кыргызстан» — 6,97;

«Социал демократтар» -2,07;

«Мекен ынтымагы» -0,65;

«Ооган согушунун ардагерлери» -0,17;

«Ордо» -0,22;

«Бир бол» —  2,87;

«Республика» — 5,86;

«Кыргызстан» —  9,02;

«Чоң Казат» —  2,39;

Баарына каршы 1,78 пайыз.

Бул маалыматтар жаңыланып турат.

Шайлоо жөнүндө маалыматтарды бул жактан да окуңуз. 

Copyright © 2017 Maral FM