Биз менен байланышыңыз

20:30: Добуш берүүгө кайсы аймак активдүү катышты? (тизме)

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 495 | 0

Саат 20:30га карата 1 млн 604 миң 500дөн ашуун жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 45.54 пайызын түзөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 2102 тилкеден жыйынтыктар келди.

Бишкек шаарында 223 тилке ачылган, акыркы саатка карата 184 тилкеден жыйынтыктар келди. Ал участоктордун 79 %ын түзөт. Жалпы шайлоочулардын тизмеси боюнча 447 миң 600дөн ашык жаран добуш берүү укугуна ээ болсо, алардын 219 миң 260ы добуш берүүгө катышты. Бул 42,65 %ды түзөт.

Ош шаарында 86 участок болсо, 63 тилкеден жыйынтык келди. Жалпы 179 миң 972 шайлоочунун 89 миң 958и добуш берди. Бул 50 %ды түзөт.

Жалал-Абад облусунда 448 тилке ачылып, 406 тилкеден маалымат келди. 643 миң 774 шайлоочунун 331 миң 796сы добуш берди. Бул 51,54 %ды түзөт.

Ысык-Көл облусунда 248 тилке ачылып, 224 тилкеден маалымат келди. Шайлоочулардын тизмесине 290 миң 796 жаран кирген. 139 миң 681 шайлоочу добуш берди. Бул 48 %ды түзөт.

Нарын облусунда 171 тилке ачылып, 149 тилкеден жыйынтык келип түштү. 176 миң 202 шайлоочунун 83 миң 828и добуш берди. Бул 47,57 %ды түзөт.

Ош облусунда 506 шайлоо тилкеси ачылып, 407 тилкеден маалымат келди. Тизмеге кирген 682 миң 603 шайлоочунун 311 миң 78 и добуш берди. Бул 45,57 %ды түзөт.

Талас облусунда 114 тилке ачылып, 109 тилкеден жыйынтык келди. Тизмеге кирген 149 миң 11 шайлоочунун 82 миң 43ү добуш берди. Бул 55 %ды түзөт.

Чүй облусунда 406 тилке ачылып, 365 тилкеден алдын ала жыйынтык келди. 586 миң 664 шайлоочунун 290 432си добуш берди. Бул 49,51 %ды түзөт.

Баткен облусунда 215 тилке ачылып, 195 тилкеден маалымат келди. Тизмедеги 284 миң 265 шайлоочунун 124 миң 418и добуш берди. Бул 43,77 %ды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM