Биз менен байланышыңыз

Шайлоочулардын 17 пайыздан ашыгы добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 216 | 0

Түшкү саат 12:00гө карата 624 миң 598 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 17,73 пайызын түзөрүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында,

Бишкек шаарында — 84 миң 106;

Ош шаарында — 37 миң 860;

Жалал-Абад облусунда — 125 миң 225;

Ысык-Көл облусунда — 47 миң 971;

Нарын облусунда — 32 миң 260;

Ош облусунда — 120 миң 423;

Талас облусунда — 28 миң 130;

Чүй облусунда — 99 миң 13;

Баткен облусунда — 49 миң 610 шайлоочу добуш берип бүттү.

Шайлдабекова мындан сырткары, чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участкалары жана эл аралык байкоочулар тууралуу да маалымат берди.

«Чет өлкөдөгү участкалардын алгачкылары түнкү 3:00дө ачылса, акыркы 8 участок Европада ачылды.  АКШда, Лондондо да ачылат. 277 эл аралык байкоочу келди. 234 байкоочу чет өлкөдөн келди, калганы Бишкекте катталган эл аралык уюмдун өкүлчүлүктөрү», — дейт Шайлдабекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM