Биз менен байланышыңыз

Шайлоого катышуучу эл аралык байкоочулар өчпөс отко гүл коюшту (фото)

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 347 | 0

Парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар өчпөс отко гүл коюшту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын байкоочулары жана Орусиянын депутаты Константин Затулин Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышкан эл аралык байкоочулар борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева менен биргеликте жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл коюшту.

«КМШ кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий белгилегендей, алар ар дайым гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта жеңиш үчүн өмүрүн арнаган адамдардын элесине таазим кылышат. Коноктор жана вице-мэр таазим кылып, гүл коюшкандан кийин байкоочуларды ардактуу кароол тосуп алды«, — деп айтылат маалыматта.

Өчпөс от мемориалы — Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине арналып коюлган архитектуралык-скульптуралык композиция. Ал 1985-жылы орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM