Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Вакцина алып келүү боюнча Путин менен сүйлөштүк

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 324 | 0

Коронавируска каршы вакцина алып келүү боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде айтты.

-Бул боюнча дагы Владимир Владимирович Путин менен сүйлөштүк. Мен ал кишини дагы куттуктадым. Чынында, бул вакцинаны бүт дүйнө жүзү күтүп жаткан, бардык жерде кыйынчылык болуп жатат да. Ушул вакцинага баарыбыз тең чоң ишенич артып жатабыз, ушул ооруну токтотсок деген. Бул маселени сүйлөштүк. Буйруса, бул боюнча биздин тиешелүү мамлекеттик органдар иштеп жатышат. Анан өздөрү баштагандан кийин бизге дагы берүү боюнча маселе чечилди. Алар дагы эми баштап жатышат. Буйруса, алып келебиз, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент: Карантин киргизилбейт, бирок коркунуч дагы деле бар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM