Биз менен байланышыңыз

Президент: Карантин киргизилбейт, бирок коркунуч дагы деле бар

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 1052 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө карантин киргизилбей турганын айтты. Ал 3-октябрда “Биринчи радиого” берген маегинде өзү баш болуп, бардык жарандар санитардык эрежелерди сакташы керек экенин эскертти.

Жээнбеков жарандардан ар кандай мааракелерди эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү өтүндү.

“Биздин дарыгерлер эрежени сакташ керектигин айтып жатат. Ошол эрежени сактаса эле бул ооруну жеңебиз. Муну баарыбыз тең бирдей күрөшүп, бирдей аракет кылсак, жеңебиз. Анан бирөө билип, түшүнүп туруп, беш жүз кишини чакырып алып той өткөрүп жатса, бирөө элди топтоп алып жылдыктарды кылып, каза болгондорго куран окутуп жатса. Өткөргүлө, бирок эрежени сактагыла деп айтып жатабыз”, -дейт өлкө башчы.

Жээнбеков үгүт учурунда көп сандагы элди чогулткан партияларга чара көрүлсө “бут тосуу катары кабыл алышмак” деп билдирди.

Ошондой эле жакында мектептер иштей баштаганда мугалим жана ата-энелерге чоң жоопкерчилик түшөрүн айтты.

“Эми ата катары, жаран катары түшүнүп турам. Ата-эне, мугалимдер ушул башталгыч класстардын окуучуларын окутууда көбүрөөк түйшүк тартып атышат, кыйналып атышат. Биз ошол себептен да 6-класска чейин балдарыбызды мектепке барсын деген өкмөттүн чечимин колдоп бердик. Бирок менин кооптонгонум — илдет коркунучу толук жок боло элек. Баткенде көбөйдү, кээ бир райондордо көбөйүп жатат. Ошон үчүн бул коркунуч бар. Ошондуктан балдарыбыз үчүн жоопкерчиликти бардыгыбыз тең, ата-энелер дагы, мугалимдер дагы ала турган жооптуу учур келди», -деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштайт. Ал үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты.

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM