Биз менен байланышыңыз

Студенттер арасында президенттин стипендиясы үчүн сынак жарыяланат

Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 611 | 0

Жогорку окуу жайлардын студенттери арасында президенттин стипендиясы үчүн ачык сынак жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик жана менчик болгон бардык жогорку окуу жайларынан баалоо системасынын талаптарына толук жооп берген студенттердин (курсанттардын) тизмеси 15-октябрга чейин Билим берүү министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына тапшырылуусу зарыл. (311 кабинет)

Сынак президенттин 2017-жылдын 27-июнундагы «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.

Сынакка катышууну каалаган студенттер өздөрү окуган окуу жайына кайрылып, кенен маалымат алса болот. Байланыш телефону: 62 04 87

Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. 2019-жылы жарыяланган конкурстун натыйжасында республика боюнча 31 ЖОЖдун 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болгон.

Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 миң сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM