Биз менен байланышыңыз

Карабахта Азербайжандын 3 тик учагы атып түшүрүлгөнү кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 334 | 0

Тоолуу Карабахта Азербайжандын үч тик учагы атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Тоолуу Карабахтатын армиясы түнкүсүн жана эртең менен Азербайжандын үч тик учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин өкүлү билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Азербайжандын Куралдуу күчтөрү армян тараптын «ОСА-АКМ» зениттик-ракеталык системасынын эки согуштук унаасын жана 16 танкын жок кылышканы кабарланган.

Азербайжан армян армиясынын 16 танкы жок кылынганын билдирди

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Эксперттер аймактагы чыр-чатактын андан ары курчуп кетишинен жана Түркия менен Орусиянын Карабах үчүн согушка аралашуусунан чочулашат. Армения Орусия менен биргеликте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөсү. Ошол эле учурда Түркия Азербайжанды колдой тургандыгын ачык жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM