Биз менен байланышыңыз

Эң көбү Баткенде. Бир суткада коронавирус менен 172 жаран катталды

Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 681 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан Ош облусунда бир жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

1-октябрга карата коронавирустун 172 жаңы учур катталды. Анын эң көбү Баткен облусунда аныкталды.

  • Бишкекте — 18;
  • Ош — 11;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу — 21;
  • Талас облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 23;
  • Баткен облусу — 77 учур. 

Вирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 841ди түзөт.

Учурда 2338 бейтап дарыланууда. Алардын 871и ооруканаларда, калганы үй шартындагы дарыланууда.

Коронавирустан айыкандар 42 миң 983 киши, каза болгондор 1 миң 65 адам.

Copyright © 2017 Maral FM