Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан Ош облусунда бир жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
1-октябрга карата коронавирустун 172 жаңы учур катталды. Анын эң көбү Баткен облусунда аныкталды.
- Бишкекте — 18;
- Ош — 11;
- Чүй облусу – 11;
- Ош облусу — 21;
- Талас облусу — 1;
- Ысык-Көл облусу – 10;
- Жалал-Абад облусу – 23;
- Баткен облусу — 77 учур.
Вирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 841ди түзөт.
Учурда 2338 бейтап дарыланууда. Алардын 871и ооруканаларда, калганы үй шартындагы дарыланууда.
Коронавирустан айыкандар 42 миң 983 киши, каза болгондор 1 миң 65 адам.