Чех өкмөтүнүн атайын жыйынында өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды 5-октябрдан баштап калыбына келтирүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу СТК агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал режими 30 күнгө созулат.
Буга чейин өлкөдө өзгөчө кырдаал режими 12-марттан 17-майга чейин созулган болчу.