Биз менен байланышыңыз

Алиев Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотуунун жалгыз шартын атады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 399 | 0

Тоолуу Карабахтан армян күчтөрүнүн толук жана токтоосуз чыгып кетиши — Баку тарабынан ок атууну токтотуунун бирден-бир шарты. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев билдиргенин Media.az жазды.

Алиев жарадар болгон аскер кызматкерлери менен жолугушуу учурунда: «Армениянын премьер-министри бизге шарт түзүп жатат, ал жети шарт койду. Мен бул шарттарды четке кагабыз деп жакында айттым. Бизде бир гана шарт бар — Армениянын куралдуу күчтөрү биздин жерлерден толук бойдон, токтоосуз чыгып кетиши керек. Бул шарт күчүндө, эгер Армения өкмөтү аны аткарса, уруш токтойт, аймакта тынчтык орнотулат», — деди.

Буга чейин Алиев Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча Ереван менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн көрбөгөнүн айткан.

Ал муну Армениянын Тоолуу Карабахтын статусу боюнча позициясы менен түшүндүрдү.

Ал эми Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян сүйлөшүүлөр ЕККУнун Минск тобунун формасында өткөрүлсө, Армения сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM