Биз менен байланышыңыз

Нуржигит Кадырбеков Матраимов тууралуу айтты

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 6347 | 1

“Ыйман нуру” саясий партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков учурдагы өкмөттө репутациясы булганган адамдар да иштеп жүрөт деп сындады. Ал бул тууралуу Коомдук каналда өтүп жаткан дебат учурунда өкмөттүн курамын кыскартуу тууралуу сөз болуп жатканда айтты.

Кадырбеков өкмөт башчыны тандоодо жана өкмөттүн курамын түзүүдө элдин пикирин да эске алууну сунуштады.

“Сингапурдун лидери өзүнүн досуна жаман сөз айтылганына байланыштуу, күнөөсү далилдене элек болсо да аны менен сүйлөшпөй койгон. А бизде өкмөттө Матраимовго окшогондор иштеп жатат. Эмне үчүн анын репутациясын, ал тууралуу элдин айтканын эске албайбыз? Иштемек тургай азыр бир партиянын аркасында туруп алып, бийликке барганы жатат. Буга окшогон жагдайларды карабасак болбойт. Анткени ишеним жок болсо өкмөт кантип ийгиликке жетишет?”, -деди Кадырбеков.

Ал өзү аткаруу бийлигинде иштегендиктен, бир иш болбой калып же өтөөсүнөн чыкпай калганда, жоопкерчиликтүү адам табылбай каларын мисал келтирди. Ошондуктан аткаминерлерди кыскартуу маанилүү деп эсептейт.


Алтындардын акчасын элге бергиси келген «Ыйман Нуру» партиясы


Мындан тышкары, премьер-министрге толук ыйгарым укук берүүнү туура көрөт.

“Мисалы азыр президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын бюджети 600 млн сомдун тегереги болсо керек. Буга окшогон структураларды кыскартуу маанилүү. Бул бүт дүйнөдө болуп келе жаткан нерсе.
Экинчиден, премьер-министрдин “начальниктери” көп, фракция лидерлери, спикер, президент. Өкмөт башчыга министрлер да баш ийбейт, себеби аны фракциялар көрсөткөн. Ошол үчүн жоопкерчиликти премьер-министрге толук берүү өтө маанилүү”, -деди Кадырбеков.

1 пикир

1 пикир

  1. Б

    01.10.2020 13:00

    Ой блин өзү деле мамлекеттин акчасын жеп отурат ко. Кылган иши жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM