Биз менен байланышыңыз

Электрондук капчыкты идентификациялоо боюнча 12 суроого жооп

Коом , Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 979 | 0

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет. Тагыраагы, электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу Улуттук банк 1-октябрга чейин электрондук капчыктарды идентификациялоо зарыл экенин, болбосо финансылык операциялар токтой тургандыгын эскертет.

Электрондук капчыкты идентификациялоо боюнча суроолорубузга КРдин Улуттук банкынын төлөм уюмдары жана төлөм системалары бөлүмүнүн жетекчиси Нурзат Бугубаева жооп берди.


— Идентификациялоо деген эмне? 1-октябрдан тарта идентификацияланбаган электрондук капчыктар такыр иштебей калабы?

— Идентификация – буд кардар жөнүндө идентификациялык маалыматтарды аныктоо.

Верификация – бул кардардын жана/же анын бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү.

2020-жылдын 1-октябрынан тарта идентификацияланбаган электрондук капчыктар аркылуу финансы операцияларды жүргүзүү/ төлөмдөрдү өткөрүү жеткиликтүү болбойт. Бирок электрондук капчык өчүрүлбөйт, кардар кайсы болбосун убакытта идентификациядан өтүп, электрондук капчыкты кайрадан колдонуусу мүмкүн.

Жогоруда айтылган төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелерине да тиешелүү.

_____________________________________________________________________________

— Капчыктарды идентификациялоо чечими качан кабыл алынды жана ага эмне себеп болду?

— Электрондук капчыктарды жана Мобилдик тиркемелерди идентификациялоо тууралуу чечимдер Улуттук банк тарабынан 2019-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзамдарга ылайык, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максаттарында, финансылык мекемелер жана өзүнчө финансылык эмес категориядагы жактар кардарларын идентификациялоо жана верификациялоосу зарыл. Бул финансылык кызмат көрсөтүү учурларында стандарттуу жол-жобо катары каралат.

_____________________________________________________________________________

— Идентификацияланган капчык идентификацияланбаганынан эмнеси менен айырмаланат?

Идентификацияланган капчык — бул колдонуучусу катталган капчык. Идентификацияланган капчыктын жардамы менен финансы операцияларды жүргүзүп,  төлөмдөрдү ишке ашыра аласыз.

Ал эми 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган капчык аркылуу финансы операцияларды жүргүзүү/ төлөмдөрдү ишке ашыруу болбойт.

_____________________________________________________________________________

— 1-октябрга чейин капчыктын идентификациясын тапшырууга жетишпей калган жаран эмне кылат? Эч кандай айып салынбаса керек…?

— 2020-жылдын 1-октябрына чейин капчыктын идентификациясын кылууга жетишпей калган жарандар белгиленген мөөнөттөн кийин деле кайсы  убакытта болбосун идентификациядан өтүп, электрондук капчыкты кайрадан колдонуусу мүмкүн. Бул ошондой эле төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелерине да тиешелүү.

Жарандарга эч кандай айып салынуусу мыйзамдарда каралган эмес.

_____________________________________________________________________________

1-октябрдан кийин идентификациядан өтсө болобу?

2020-жылдын 1-октябрынан кийин деле кайсы  убакытта болбосун идентификациядан өтүп, электрондук капчыкты кайрадан колдонууга мүмкүн. Идентификация өтүүдө кадимки жол-жоболор сакталат.

Бул ошондой эле төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелерине да тиешелүү.

_____________________________________________________________________________

— Идентификациядан өтүү үчүн мобилдик тиркеменин колдонуучусу кайда барышы керек?

— Электрондук капчыктын ээси идентификациядан өтүү үчүн тиешелүү эмитент-банкка (же анын агенттерине) кайрылышы керек.

Мобилдик тиркеменин колдонуучусу идентификациядан өтүү үчүн тиешелүү төлөм уюмуна, уюлдук операторго же өнөктөш-банкка кайрылышы керек.

Кардардын белгиленген уюмдарга кайрылуусу алардын тейлөө пункттарына өзүнүн келүүсү аркылуу же аралыктан туруп (онлайн)  жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

_____________________________________________________________________________

— Идентификациядан онлайн өтүүгө да мүмкүнчүлүк барбы? Кантип?

— Кардар идентификацияны аралыктан туруп (онлайн) өтүүсү мүмкүн, эгерде онлайн идентификациялоо сервиси тейлөө уюму (банк, төлөм уюму, уюлдук оператор) тарабынан сунушталган болсо.

Негиз катары, онлайн идентификациялоо сервистери электрондук капчыктын/ Мобилдик тиркеменин өздөрүндө көрсөтүлгөн. Кардарда онлайн идентификация өтүү үчүн камерасы бар телефону бар болушу керек. Кардар онлайн идентификацияны телефон аркылуу сүрөт жөнөтүү же видеобайланыш аркылуу өтүүгө жол-жоболор бар (кардар тарабынан анкетаны онлайн толтуруусу, өзүнүн жүзүн көрсөтүүсү, паспортунун сүрөтүн жөнөтүүсү аркылуу ж.б.). Белгиленген жол-жоболору боюнча идентификацияны өткөн учурда, тобокелдиктерди төмөндөтүү максаттарында, кардардын капчыгында/ төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелеринде жүргүзүлүүчү операциялардын көлөмүнө карата тиешелүү чектөөлөр коюлган.

_____________________________________________________________________________

 Электрондук капчык, мобилдик агент тиркемесин аныктоо үчүн банкка барышым керекпи?

— Электрондук капчыктын ээси идентификациядан өтүү үчүн тиешелүү эмитент-банкка кайрылышы керек.

Төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелеринин колдонуучусу идентификациядан өтүү үчүн тиешелүү төлөм уюмуна, уюлдук операторго же өнөктөш-банкка кайрылышы керек.

Ошондой эле кардар идентификацияны аралыктан туруп (онлайн) өтүүсү мүмкүн, эгерде онлайн идентификациялоо сервиси тейлөө уюму (банк, төлөм уюму, уюлдук оператор) тарабынан сунушталган болсо.

_____________________________________________________________________________

— Кыргызстанда канча электрондук капчык бар? Алар канчалык популярдуу?

— Азыркы учурда 7 коммерциялык банк электрондук акчалардын эмитенттери болушкан.

Электрондук капчыктардын популярдуулугу боюнча, мурунку мезгилге салыштырмалуу электрондук акчалардын көрсөткүчтөрүнүн өсүшүн белгилей кетиш керек. 2020-жылдын 1-июлуна карата, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу электрондук капчыктардын саны 2,8 млн. түзүп, дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

_____________________________________________________________________________

— Идентификациялоо жана верификациялоонун кандай айырмасы бар?

— Идентификация – бул кардар жана/же анын бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды топтоо.

Верификация – бул кардардын жана/же анын бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү.

Идентификация менен верификация дайыма бирге жүргүзүлөт.

_____________________________________________________________________________

— Электрондук капчык колдонгондор коопсуздук үчүн эмнелерге көңүл бурушу керек?

— Электрондук капчык же төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелери пайдалануучу/кардарлардын телефондук номерлерине байланыштуу болот. Электрондук капчыкты каттоодо, кирүүдө, кандайдыр бир финансылык операцияны жүргүзүүдө тастыктоочу коддор  колдонулат. Бул тастыктоочу коддор колдонуучунун телефон номерине жиберилет жана аларды үчүнчү жактарга берүүгө болбойт.

_____________________________________________________________________________

— Акчаны электрондук капчыкта сактоонун артыкчылыктары?

— Электрондук капчыктарды колдонуу алардын жөнөкөйлүгү жана ыңгайлуулугу менен шартталган. Кандай гана убакта болбосун сизге керектүү төлөмдү ишке ашыра аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM