Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-венгер кызматташуусу боюнча кабыл алынган документтер

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 666 | 0

29-сентябрда Будапешт шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга расмий визити алкагында Кыргыз Республикасы менен Венгрия ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Ошондой эле өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө меморандум;

—  Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу;

— Инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү жөнүндө макулдашуу;

— Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы квоталык орундарды 75тен 150гө чейин көбөйтүү жөнүндө протокол;

— Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы экономиканы санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон аппараттарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө меморандум;

—  Айыл чарба министрликтери ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгриянын Өкмөтү ортосунда эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө макулдашуу;

— Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги менен Венгриянын Ички иштер министрлиги ортосунда суу ресурстарын башкаруу тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Финансы министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле, Будапешт шаарында өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес форумунун жүрүшүндө  кол коюлушу күтүлүп жаткан документтер төмөнкүлөр:

— Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Венгриянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум;

— Соода-өнөр жай палатасы жана Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум;

— Соода-өнөр жай палатасы менен Будапешт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум.

Жээнбеков менен Виктор Орбандын сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Copyright © 2017 Maral FM