Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Виктор Орбандын сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 488 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Венгрияга расмий визитинин алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду.

Иш-чара Ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен аскер оркестринин коштоосунда өттү.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, Баатырлар аянты — Будапешт шаарынын эң маанилүү аянттарынын бири, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Президент Жээнбеков Венгрияга расмий визит менен барып, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат аяктап, андан соң «Кармелита» сарайынын фойесинде кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан кийин тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат. Андан тышкары, Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат.

Визиттин алкагында кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргызстандан барган делегациянын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Сооронбай Жээнбеков өлкө президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM