Биз менен байланышыңыз

30-сентябрда тоолуу аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 370 | 0

Кыргызгидромет борборунун болжолу боюнча, эртең, 30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарына кар түшөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+20;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +1…+7, күндүз +15…+17;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM