Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун Венгрияга сапарынан сүрөттөр

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 385 | 0
29-сентябрда Будапешт шаарындагы «Кармелита» сарайында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Ардак кароол тизилип, Кыргызстан менен Венгриянын гимндери жаңырды. Тараптар Ардак кароолду жана Улуттук атчандар отрядын көрүп чыгып, делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Аскердик оркестрдин салтанаттуу маршынын жаңыруусу менен аскердик сый-урмат аяктап, андан соң «Кармелита» сарайынын фойесинде кол алышуу жана сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан кийин тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө киришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга жооп катары жасалган сапары менен барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM