Биз менен байланышыңыз

Протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу үчүн керектелүүчү документтер

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 480 | 0

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын оорусунан жабыркаган жарандар протездик-ортопедиялык буюм, реабилитациялоонун техникалык каражаттары, тиричиликтик шаймандар менен камсыз боло алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси билдирет. 

Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт:

-Акысыз протездик-ортопедиялык буюмдар мыйзам менен кепилденген укугу бар адамдарга берилет. 

-Акы төлөнүүчү негизде майыптуулук тобу болбогон, дарыгердин жолдомосу бар адамдар ала алышат. 

Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого тапшырыктарды тариздөөдө төмөнкүдөй документтер берилет:

— медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу;

— паспорт;

— пенсиялык ырастама;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн);

— иштеген жеринен маалымкат (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү иштеген адамдарга экинчи протез алуу үчүн);

— медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭКтин) маалымкаты.

Протездик-ортопедиялык буюмдарды, анын ичинде ортопедиялык бут кийимди даярдоо тапшырыкты кабыл алган күндөн тарта 35 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат.

Ортопедиялык буюмдар (Виленский шинасы, Цито шинасы, корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер) 10 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө даярдалат.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ушул жылдын 8 айынын  ичинде 3039 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамды тейледи. Мекеме 2400 түгөй ортопедиялык бут кийим жана 749 протез чыгарган.

Мекемеде 13 миң 617 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам каттоодо турат. Алардын ичинен: балдар — 5984, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары — 182, бут протездери менен  — 1345 жана кол протездери бар – 312 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM