Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрине сөгүш берилди

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 548 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго сөгүш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Министр мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, Калысбек Шадыханов мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш алды.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптуусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», — деди Боронов.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө санитардык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлдү.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 522, андан каза болгондор 1064, айыккандар 42 миң 761ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM