Биз менен байланышыңыз

Өкмөт коронавирустан жабыркаган дарыгерге көңүл бурду

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 633 | 0
Сүрөт: Turmush.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов дарыгер Мукарам Ураимовага медициналык көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимова 6 айдан бери оор абалда жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен дарыгерге компенсациялык төлөм берилиши керек.

Мукарам Ураимова 18-19-мартта COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп «кызыл зонада» иштеп, ал жактан коронавирус жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган.

Дарыгер ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерге 200 миң сом кенемте төлөнүп берилгенин кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM