Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Будапешттеги Баатырлар аянтына гүлчамбар койду

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 340 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда Венгрияга расмий визитинин алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду.

Иш-чара Ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен аскер оркестринин коштоосунда өттү.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, Баатырлар аянты — Будапешт шаарынын эң маанилүү аянттарынын бири, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Баатырлар аянтынын ортосуна баш периште Гавриил жана анын айланасында мадьярлардын 7 жол башчысынын элестери берилген Миңжылдык мемориалы турат.

Эстелик венгерлердин мекенинин калыптанышына жана Венгер королдугунун негизделишине арналып курулган. Ошондой эле көрүнүктүү венгер ишмерлеринин скульптурасы менен колоннада тургузулган. Мемориалдын алдында венгер баатырларынын урматына эстелик такта орнотулган.

Президент Жээнбеков 28-сентябрда Венгрияга расмий визит менен барды. Ал Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат. Андан тышкары, Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат.

Визиттин алкагында кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргызстандан барган делегациянын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Сооронбай Жээнбеков өлкө президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM