Биз менен байланышыңыз

Маданият министри Туюк-Төр петроглифтеринин абалы менен таанышты

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 258 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барды. Ал аталган аймактагы таш бетине тартылган сүрөттөр жайгашкан жерге барып (петроглифтер), анын корголушунан кабар алды.

Туюк-Төр петроглифтери Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылындагы Каракол капчыгайында жайгашкан. Бул объект жакынкы жылдары жаңы табылган.

Маданий- тарыхый эстеликти сактап калуу жана коргоону жакшыртуу үчүн бул аска таш бетиндеги сүрөттөрдүн макамын аныктоо зарыл экендиги айтылды.

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга ылайык, өлкө аймагында табылган, тарыхый дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Талас облусунда аска-таш беттерине тартылган белгилүү эстеликтердин катарына Үр-Марал, Жалтырак-Таш, Чийим-Таш жана Кең-Кол петроглифтери кирет.

Министр Талас районундагы Ак- Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай- Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый- маданий мурас объектилери менен жеринен таанышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM