Биз менен байланышыңыз

Кыргыз ишкерлери жана аткаминерлерине ВСП+ макамы боюнча семинар башталды

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 303 | 0

29-сентябрда Европа Биримдиги Кыргызстандын мамлекеттик органдары үчүн ВСП+ макамы жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча семинар өткөрө баштады.

Иш-чара Европа Комиссиясынын Техникалык жардам жана маалымат алмашуу инструменти (TAIEX) ошондой эле, кыргыз өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте уюштурулду. Ал онлайн өтүп, 2-октябрга чейин уланат.

Семинарга Латвия, Италия, Литвадан жети эксперт, Кыргызстандын профилдик органдарынан, ишкерлер чөйрөсүнөн жүздөй адам катышат.

Иш-чаранын максаты – кыргыз ишкерлерин жана аткаминерлерин Европанын ВСП+ макамы менен тааныштыруу, анын талабына ылайык процедураларга үйрөтүү болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Европанын жашыл экономиканы ишке ашыруудагы тажрыйбасы, айыл чарба, мал чарбасы, балык тармагы, бал өндүрүүчүлүк тармактарына болгон талаптар тууралуу маалымат берилет.

Кыргыз экспортерлоруна арналган семинар буга чейин 2017-19-жылдары да уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM