Биз менен байланышыңыз

Ноокен милициясы рейд учурунда тойду токтотту

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 346 | 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмү рейд учурунда буга чейин айып пул салынса да мааракелерди өткөрүүнү улантып жаткан ресторандагы тойду токтотту.

Милициянын маалымат кызматы кабарлагандай, той жана башка маараке өткөрүү боюнча кардарлардан заказ алууну уланткан ресторандын буюртмалары токтотулду. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.

Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси менен 4 коомдук жайга протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.

Райондук милиция жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун жайылышына бөгөт коюу, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM