Биз менен байланышыңыз

Баткендин имамдарына Куран китептери таратылды

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 396 | 1

Баткен районунун имамдарына Куран китептери таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Баткен райондук хатибиятында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан  808 даана Ыйык Куран китеби айыл аймактагы имамдарына тапшырылды, алар ар бир мечитке таратылып берилет.

Аймактын баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов каттоодон өтө элек мечиттерди тездетүү, имамдардын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу үгүт иштерине аралашпоосун эскертти.

11-сентябрда Сауд Арабиянын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келген. Анда жалпы 34 миң даана Куран китеби бар.

1 пикир

1 пикир

  1. Бексултан

    29.09.2020 12:13

    Мага да бироону бериниздерчи,Куран таджвид менен😢0708222120

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM