Биз менен байланышыңыз

Орусияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 339 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө кырсыгынан жабыркаган 51 кыргызстандыктын абалы тууралуу маалымат берди.

Элчиликтин маалыматына караганда, 27-сентябрда болжол менен саат 8:40 чамасында Москва районунун Ступино шаардык округундагы «ФМ Сидорово» коммерциялык уюмунун ишканасында жөө адамдар өтүүчү металл өтмөк кулаган.

Кыргызстандын бардык жабыр тарткан жарандарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Өзгөчө оор жаракат алгандар санитардык авиация тарабынан ооруканаларга жеткирилген. Алдын ала маалымата ылайык, көпүрө кырсыгынан каза болгондор жок.

Кырсыктан жабыркаган 29 жаран аймактык ооруканаларга жаткырылды:

— Ступино — 20 адам, орто жаракат алгандар, бардыгы канааттандырарлык абалда;

— Домодедово — 3 адам, экөөнө операция жасалды, бирөөнүн абалы өтө оор, бирөөнүн абалы оор, бирөөнүн болсо билеги сынган;

— Подольск — 3 адам, алардын бирине операция жасалды, башынан жабык жаракат алышты, абалы туруктуу;

— Раменска — 1 адам;

— Солнечногорск — 1 адам;

— Красногорск — 1 адам.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган «Этиятсыздык менен адамдын ден-соолугуна оор зыян келтирилген, эмгекти коргоонун талаптарын бузуу» беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «FM Logistic» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында:

— компания бардык жабыр тарткандардын саламаттыгын калыбына келтирүүнү кошо алганда, керектүү медициналык жардамды көрсөтүүгө милдеттенет;

— ошол күнү жумушта болгон 160 кызматкердин баарына 50 миң рубль (8 миллион рубль) өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилет;

— оор жаракат алган Кыргызстандын бардык жарандарынын туугандары үчүн Кыргызстандан Москвага учуу жол киресин төлөө милдеттендирилет. Тиешелүү Кепилдик каты компаниядан алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM