Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун Венгрияга расмий визити башталды (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 684 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Венгрияга расмий визит менен барды. Өлкө башчынын расмий сайты жазгандай, расмий визиттин алкагында Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат. Андан тышкары, Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат.

Визиттин алкагында кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргызстандан барган делегациянын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Сооронбай Жээнбеков өлкө президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов бар.

Copyright © 2017 Maral FM