Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстан Орусия менен тарыхый достук мамилесин жогору баалайт

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 485 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Сочи шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

Жолугушууда эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.

Орусия президенти Владимир Путин, Орусия ар бир көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтай турганын жана Кыргызстан менен союздаш, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди улантаарын белгиледи.

Путин ошондой эле Кыргызстанда туруктуулуктун болушуна, шайлоодон кийинки мезгилде да туруктуулук сакталышына кызыкдар экендигин айтты.

«Биз сиздин, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий туруктуулукту бекемдөө боюнча жасаган күч-аракеттерин дайыма колдойбуз. Биз сизди мамлекет башчысы катары, Кыргызстанды жана анын элин колдоп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн алдыга койгон ири максаттарды ишке ашырууда колдойбуз», — деп белгиледи Путин.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ар дайым, айрыкча, азыркы оңой эмес мезгилде Орусиянын чыныгы стратегиялык өнөктөш катары күчтүү колдоосун сезерин белгиледи.

Ал Орусияда өндүрүлгөн коронавирус инфекциясына каршы вакцина жакын арада Кыргызстандын жарандары үчүн да жеткиликтүү болооруна ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, энергетикалык жана инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча кызматташууну улантууга, соода-экономикалык кызматташтыкты өстүрүүгө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташууга кызыкдар экендигин айтты.

Жээнбеков Орусия тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан кылымдар бою далилденген тарыхый достук мамилелерди жогору баалай тургандыгын кошумчалады.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту. Ал 29-сентябрда Венгрияга расмий визити менен барат.

Copyright © 2017 Maral FM