Биз менен байланышыңыз

«Афган согушунун ардагерлери»: кошуна өлкөлөр менен союз түзөбүз

Саясат , Шайлоо-2020 | 28 Сен 2020 | 1342 | 0

Ушул аптада Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Буга чейин ага катышкан партиялардын программасы менен тааныштырып келе жаттык эле. Бул жолу «Афган согушунун ардагерлери» саясий партиясынын программасы менен тааныштырабыз.

Бул партия 1994-жылы расмий каттоодон өтүп, бирок бир дагы парламенттик шайлоого катышкан эмес. Парламентке бел байлаган партия шайлоодон өтөрү менен коррупцияга каршы күрөшүү максатында мыйзамсыз байыгандардын байлыгын мамлекетке конфискациялоону көздөп турат. Ал үчүн мыйзам кабыл алып, 1994-жылдан бери мамлекеттик кызматты аркалап келаткандардын тарых-таржымалын карап, 6 миллион сомдон ашык байлык чогулткан болсо аны суракка алат. Эгерде кандай жол менен байлыкка жеткенин ачыктап бере албаса, мал-мүлкү мамлекеттин казынасына чегерилет.

Партиянын экинчи өзгөчөлөнгөн маселеси, бул мурдагы СССРдин курамынан чыккан мамлекеттер менен биригүү болуп эсептелет. Мындай оюн партиянын лидери Акбөкөн Таштанбеков телеканалдардын биринен программасы менен тааныштырып жатып билдирди.

Анда, партия СССРдин курамынан чыгып, өз алдынча өнүгүп кеткен бир дагы мамлекет жок экенин, андыктан айрым өлкөлөр менен союз түзүү керектигин айтат.

-Биз негизи, СССРдин балдарыбыз. Ал жөнүндө жакшы ойдо калганбыз. СССРди кайрадан курабыз деп айтпайбыз, бирок Беларусия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Армения сыяктуу мамлекеттер менен Евробиримдик сыяктуу бир валюта менен, чек ара жана ички бажы тосмолору жок  мамлекетти түзүшүбүз керек. 29 жылдан бери жалгыз өнүгүп кеткен мамлекеттер болгон жок, — деп айтат Таштанбеков.

Кийинки маселесинде дагы партлидер СССР убагындагы курулуштардын жакшы болгонун, алдыда дагы ошол сыяктуу курулуш иштерин жүргүзөрүн айткан.

Партиянын программасынын негизин түзгөн «Турак жай меселесинде», эгер афганчылар парламентке өтүп кала турган болсо, жылына 2 млн чарчы метр курулуш объектилери салынарын убада кылат.

4-маселе. Афган согушунун ардагерлери  башка партиялардай эле билим берүү системасын өзгөрткүсү келет. Кантип дегенге «ар бир кыргызстандык 9-класска чейин орто билим алууга милдеттүү,» деп жазган.  Бирок ансыз деле Кыргызстанда 9-класска чейинки билим алуу милдеттүү экенин кошумчалап кетебиз.

Саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйдү жоюуну афганчылар дагы каалайт. Бул тармакта берген убадаларынын бир өзгөчөлүгү – саламаттык сактоо тутумуна бирдиктүү маалыматтардын базасын киргизүү. Ал аркылуу дарыгерлер өздөрүнө келген бейтаптын тарых-таржымалын, кайсы убакта, кандай оору менен ооруганын базадан карап биле алат. Партия бул дарыгердин бейтапка диагноз коюусуна жана анын бат айыгуусуна шарт түзөт деп эсептейт.

Бул Афган согушунун ардагерлери жана башка ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясынын орчундуу, көзгө басар убадалары. Программанын толук варианты Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кенен берилген.

Ал эми алардын талапкерлеринин катарында «С легким паром» мончосуна ээлик кылган Акбөкөн Таштанбеков 7-тизмеде, тиш доктур Адылбек Таникулов 1-тизмеде болсо, 4-катарда студент Бегайым Ташматова турат. Мындан сырткары тизмедегилердин дээрлик көпчүлүгү жумушсуз экени көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM