Биз менен байланышыңыз

Путин: Орусия башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпейт

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 1697 | 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту.

РИА Новости маалымат агенттигинин жазганы боюнча, Путин жолугушууда Орусия башка мамлекеттердин ички ишине эч качан аралашпай турганын айткан. Бирок өлкөлөрдүн учурдагы бийлигин колдойт деп билдирген. 

Путиндин айтымында, Орусия Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдөгү ички саясий турукташтыруу аракеттерин колдойт.

«Биз сиздин өлкөдөгү ички саясий турукташтыруу боюнча аракеттериңизди колдойбуз. Ошондой эле башка мамлекеттердин, анын ичинде коңшу өлкөлөрдүн ички маселелерине аралашпайбыз. Бирок дайыма учурдагы бийликтин туруктуулукту сактоо, саясий күчтөр менен толук диалогдо болуу аракетин колдойбуз. Бул мамиле Кыргызстанга да тийиштүү», -деди Путин.

Ал ошондой эле экономикалык жактан да колдоо болорун кошумчалады.

“Жолугушууларыбызда дайыма Орусияда иштеп, жашаган Кыргызстандын жарандарын колдоо тууралуу маселе көтөрөсүз. Биз бул багытта бир топ чечимдерди кабыл алдык, аны алдыда дагы талкуулайбыз”-деди орус лидери.

28-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен барды. Ал Сочи шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушту. 29-сентябрда Жээнбеков Венгрияга расмий сапары менен барат.

26-сентябрда бийликчил деп аталган «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү тараган. Анда ал: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана артка кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», — деп айткан. Бул видео тарагандан кийин кыргыз коомчулугунда кескин нааразылыктар күчөп, эгемендик үчүн тынчтык митинги да өттү.

Учурда коопсуздук кызматынан партия лидерин айткандары үчүн жоопко тартуу талап кылынууда.

Жээнбеков: Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал Орусиянын жардамы менен жакшырды

Copyright © 2017 Maral FM