Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы эң арзан деп эсептелет

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 326 | 0

Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүндөгү эң төмөнкү баа болуп саналат. Бул тууралуу өкмөттүн сайтындагы маалыматта айтылат.

Буга электр энергиясынын 90 пайыздан ашууну гидроэлектр станцияларда өндүрүлүшү себеп, бул электр энергиясын иштеп чыгуунун эң арзан түрү болуп саналат.

2019-жылы «Электр станциялары» ишканасында электр энергиясын иштеп чыгуунун өздүк наркы 1 кВт саат үчүн 51 тыйынды түзсө, Бишкек жылуулук электр борборунда 1 кВт саат үчүн 358 тыйын.

Коңшу жана КМШ өлкөлөрүндө электр энергиясын иштеп чыгуу булактарынын катышы ар кандай, бул электр энергиясын өндүрүп чыгуунун өздүк наркына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Өкмөт ачык булактардан алынган КМШ өлкөлөрүндөгү калк үчүн электр энергиясына тарифтер боюнча маалыматтарды берди:

19.09.2020-ж. карата АКШ доллары менен эсептелген. 

Өлкөлөр Орто айлык акы Электр энергиясынын 1 кВтс үчүн тариф  Электр энергиясынын 1 кВтс үчүн тариф (сом)
Армения $ 383

(182миң драм)

$0,07 — $0,09

(34,98 – 44,98 драм)

5,74 – 7,38 
Азербайжан $ 318

(542 манат)

$0,04 — $0,06

(0,07-0,11 манат)

3,27 – 5,13 
Грузия $ 318

(785 лари)

$0,05 — $0,09

(0,15-0, 27 лари)

3,65 – 6,56 
Беларусь $ 470

(944 рубль)

$0,06 — $0,1

(0,12 – 0,21 рубль)

3,65 – 6,39 
Казакстан $ 437

(168 489 тенге)

$0,06 — $0,08

(15,21-26,06 тенге)

2,82 – 4,83 
Россия $ 718

(46 503 рубль)

$0,1

(5,38 руб.)

5,54
Тажикстан $ 121

(1 169 сомони)

$0,02

(0,168 сомони)

1,28
Украина $ 400

(9 878 гривен)

$0,03

(0,9 гривен)

2,51
Өзбекстан $ 218

(1,8 млн сум)

$0,02

(204,3 сум)

1,57
Кыргызстан $ 225

(15 018 сом)

$0,01

(700 кВтс чейин 0,77 сом)

700 кВтс чейин 0,77 сом андан ашык болсо 2,15 с. 

Ишканалар үчүн 2,25 сом

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM