Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 357 | 0

Эртең, 29-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Эртең мененки саат 09:00дөн 19:00гө чейин «Энесай» суу кампасында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» конуштарында ичүүчү суу жок болот. Анын ичинде:

  • №9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Орхан көчөсүндөгү бал бакча;
  • №21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
  • №20 китепкана;
  • №7 милициянын бөлүмү;
  • №21, №94 мектеп;
  • «КУТ Монтажстрой» команиясы;
  • Дордой-17, 20А көчөсүндөгү «Ак-Илбирс» мекемеси;
  • №6 милициянын бөлүмү;
  • «Бегимай-Дордой» бала бакчасы;
  • Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борборунда суу убактылуу өчүрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM