Биз менен байланышыңыз

29-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 471 | 0

Кыргызгидромет борборунун божомолу боюнча, 29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан, тоолуу райондорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы +5…+7, күндүз +18…+20.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM