Биз менен байланышыңыз

Кайрадан карантин киргизилеби? Министрликтин жообу

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 3618 | 0

Кыргызстанда кайрадан жалпы карантин киргизүү же киргизбөө — элдин санитардык талаптарды сактоосуна жараша болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

«Өлкө масштабында карантин киргизүү – жооптуу иш-чара, ал инфекциянын башталышында, саламаттык сактоо уюмдарын даярдоо үчүн бир жолу киргизилет. Эми бардыгы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге – коомдо беткап тагынуу режимин жана социалдык аралыкты карманууга жараша болот. Анда анча белгилүү эмес карантиндик чараларды болтурбоого болот. Бирок бул ар бирибизден көз каранды», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда акыркы айда коронавирустун жаңы учурлары көбөйө баштады. Бүгүн, 28-сентябрга карата COVID-19 илдетинин 104 жаңы учуру катталды, муну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 355ти түздү.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1064 адам көз жумду. Ал эми айыккандар — 42 миң 619.

Copyright © 2017 Maral FM