Биз менен байланышыңыз

Кавасакинин көрсөткүчтөрүнө байкоо кылган жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 355 | 0

Кавасаки – мультисиндромдуу сезгенүүнүн статистикасы боюнча иштей турган жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургуль Ибраева билдирди

Анын айтымында, балдар үчүн 5 стационар жана балдар бөлүмдөрүнүн базасында жатакана даярдалган. Койка орундардын жалпы саны 2 миңден ашык.

COVID-19 менен ооруган балдарда Кавасаки синдромуна окшош белгилер байкалгандыгы жөнүндө дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн дарыгерлери апрель айынын аягында билдиришти. Ошол эле учурда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылган.

Коңшу Казакстанда Кавасаки синдромуна 17 бала кабылгандыгын расмий билдиришкен. Кыргызстандын дарыгерлери бизде бул оору каттала электигин айтышкан.

Кавасаки синдрому 1967-жылдан бери белгилүү. Көбүнчө Чыгыш Азия өлкөлөрүндө тараган. Ал баланын организминде бездери чочугандыктан териде сезгенүүнүн белгилери байкалат.

Японияда 100 миң баланын ичинен 240, Кытайда 51, АКШда 20, Улуу Британияда 8 балада байкалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM