Биз менен байланышыңыз

Кубат Оторбаев “Кыргызстандын” талапкерлеринин тизмесинен чыкты

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 427 | 0

Кубат Оторбаев “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча Оторбаев өзү арыз жазган.

Кубатбек Оторбаев тизмеде депутат Жаныбек Жоробаевден кийин турган. Жоробаев 4 ай депутат болуп мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды. Мыйзамга ылайык, анын мандаты тизмеде кийинки орунда турган Оторбаевге тийиши керек болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Жоробаев мандатын тапшырды

Кубат Оторбаев 2015-жылдын декабрь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин акыйкатчы болуп иштеген. Ага чейин Коомдук биринчи каналды жетектеген.

Ал “Аю холдинг” компаниясынын вице-президенти болуп 2018-жылдын декабрь айында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM