Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир бейтап каза болуп, 104 адам жаңы катталды

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 488 | 0

28-сентябрга карата COVID-19 илдетинен бир жаран каза болду. Ал Ош облусунда катталды. Ушуну менен коронавирустан өлгөндөрдүн саны 1064кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 104 жаңы учуру катталды. Алар:

— Бишкек — 19;
— Ош — 8;
— Чүй облусу – 6;
— Ош облусу — 18;
— Талас облусу — 1;
— Нарын облусу — 2;
— Ысык-Көл облусу – 3;
— Жалал-Абад облусу – 10;
— Баткен облусунда — 37 жаңы учур катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 355ке жетти.

Ооруканаларда 700 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1520 бейтап бар.

28-сентябрга карата 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын бири Ош шаарында, дагы бири Ысык-Көл облусунда аныкталды.

Акыркы бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 22 медкызматкер айыгып чыгарылган.
COVID-19 илдети жалпы 3241 медициналык кызматкерге жуккан, анын 2976сы айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM