Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 19,6 млн доллар сатыкка чыгарды

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 351 | 0

Улуттук банк сентябрь айындагы үчүнчү интервенцияны жасады. Банк 25-сентябрда валюта рыногуна 19,6 миллион доллар сатыкка чыгарды.

Улуттук банк 23-сентябрда 11,2 миллион доллар, 9-сентябрда 6 млн 600 миң долларды сатыкка чыгарган.

Учурда доллардын курсу кымбаттап, сомдун курсун туруктуу сактоо максатында интервенция жасоодо.

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу быйыл март айында кымбаттаган.

28-сентябрга карата Улуттук банктын расмий курсу 79 сом 49 тыйын деп белгиленди.

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 80 сомго чейин чыгууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM