Биз менен байланышыңыз

Антикоррупциялык саясат боюнча жаңы стратегия бекитилди

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 387 | 0

Кыргызстан коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча 2021-2024-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны бекитти. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ага ылайык:

— Жогорку Кеңеш жана тиешелүү мамлекеттик органдар Стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алышы керек;

— Өкмөт, Жогорку Сот, Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Стратегияны ишке ашыруунун алкагында кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын деталдуу пландарын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу тапшырылды.

Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйынында 2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоору тааныштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM