Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга чет жактан келгендер үчүн алгоритм кабыл алынды

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 596 | 0

Республикалык ыкчам штаб Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттик чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритм кабыл алды.

Алгоритмге ылайык, эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында бет кап тагынып, аралыкты сактоого тийиш. Ошондой эле алардын дене табы өлчөнүп, анкета толтурулат.

Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген кыргыз жарандарында эгер алдын ала алынган (ПЧР) тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест алынат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр кое берилет, оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат.

Ал эми өлкө аймагына учак аркылуу келген Кыргызстандын жарандары алгоритмде каралган бардык талаптарды сактоого тийиш. Илдеттин белгилери бар адамдардан ПЧР/экспресс-тест алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин обсервацияда болот. Ал эми клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл.

Чет өлкөлөрдүн жарандары 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө уруксат берилет.

Чек арадан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин күчүнө кирет, ал эми чек арадан автотранспорт менен өткөндөр үчүн иштелип чыккан алгоритм 26-сентябрдан тарта күчүнө кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM