Биз менен байланышыңыз

Миграция кызматы: Орусияда жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 412 | 0

Орусиядагы көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктарга медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Миграция кызматынын төрага орун басары С. Токтоболотов «ФМ Сидорово» логистикалык ишканасынын кызматкерлер менен иштөө жана байланыш бөлүмүнүн башчысы М. Шиповалова менен жолугушкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бардык жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүүгө, аларга бир айлык эмгек маяналарын төлөп берүүгө макулдашышты.

«Ошол эле учурда Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкери жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу маалымат алуу жана тийиштүү документтерин тариздөөдө көмөк көрсөтүү максатында Ступинский борбордук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери менен сүйлөштү. Аталган ооруканага тез жардам аркылуу 30га жакын адам жеткирилген, алардын ичинен экөөнүн абалы оор, баш сөөгүнүн негизи сынган. Алар аба жолу менен Раменское жана Солнечногорск шаарларына чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.

Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, Кыргызстандын 51 жараны жаракат алды.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган логистикалык ишканада Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын биринде да медициналык жана башка камсыздандыруусу болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM