Биз менен байланышыңыз

Аманкуловдун видеодогу сөзү үчүн Бишкекте митинг өттү

Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 1069 | 0

Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында “Биримдик” партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендик тууралуу сөздөрүнөн улам нааразычылык акциясы болду. Митингдин катышуучулары “Кул болбо!” деген ураан чакырышты. Митингге жарандык активисттер, ар кайсы партиянын мүчөлөрү жана шаар тургундары катышып, жалпы саны 400дүн тегерегинде болду.

Анда сөз сүйлөгөндөр Марат Аманкуловдун айткан сөздөрүнө баа берилип, мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылышты. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Башкы прокуратурага арыз жазышты. Арызда талапкердин айткандары эгемендүүлүккө жана өлкөнүн көз карандысыздыгына доо кетирери айтылган.

Социалдык тармактарда “Биримдик” партиясынын талапкери Марат Аманкуловдун Москвада Орусиянын өкүлдөрү менен жолугуп жаткандагы сөзү деген видео тарады. Ал тасмада Аманкулов: “30 жыл эгемен өлкө болгонубуз менен эми үйгө кайтууга убакыт келди”,-деп айткан.

“Биримдик” партия бул боюнча билдирүү таратып, ал 2019-жылы Орусия менен эриш-алкак жылын өткөрүүнү пландоо учурунда Мамлекеттик Думанын депутаттары менен жолукканда айтылганын билдирди. Анда тарыхый-маданий багытта кеңири ой алмашуу жүргөнүн, андагы сүйлөшүүдөн бир контекстти алып, айрым саясий топтор чагымчылдык кылып жатканын айткан.

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов – Жогорку Кеңештин депутаты, быйыл өтө турган парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясынын тизмесинде 11-катарда.

Copyright © 2017 Maral FM