Биз менен байланышыңыз

Онлайн окуу: Нарында муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн китеп сынагы өттү

Кыска кабар | 26 Сен 2020 | 481 | 0

Нарын шаарында «Китеп — менин жан дүйнөм» аттуу онлайн сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу «Баластан» интерактив журналынын башкы редактору Жаныбек Абидетегин кабарлады.

Онлайн сынак атайын социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарынын арасында өттү.

«Кээ бир үй-бүлөдө телефон баласында эмес ата-энесинде да жок. Ошондуктан азыркы онлайн окуу учурунда алар кыйналып жатышат. Сынакты каржылаган жана уюштурган «ДЭМ» коомдук фонду атайын ушул жагдайды эске алды», — деп айтылат маалыматта.

Жалпы 31 катышуучудан алтоо уюлдук телефонго ээ болду. Калганы китеп, окуу курал, журнал жана таттуу белек-бечкектерди алышты.

«ДЭМ» коомдук фондунун төрагасы Илимгазы Төлөгөн уулу калган 25 бала үчүн да атайын бир телефон ойнотмой болду.

Ага катышуунун шарттары боюнча толук маалыматты «Баластан» интерактив журналы баракчасынан окууга болот.

Сынактын медиа өнөктөшү «Баластан» интерактив журналы болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM