Биз менен байланышыңыз

Президент: Парламентке 5-6 партиянын келишин каалайм

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 26 Сен 2020 | 804 | 0

Сооронбай Жээнбеков адаттагыдай эле бул ишемби дагы мамлекеттик «Биринчи радиого» маек берди. Анда ал бир топ маселелерге токтолуп, шайлоо жөнүндө да кеп салды.

Анда бийликчил партия деген түшүнүк жөнүндө айтып, эмне үчүн ага жарандар терс мүнөздөмө берерин түшүндүрдү.

Бизде айтылып жүргөн бийликчил партия деген түшүнүк терс мүнөздөмө катары бааланат. Анткени, элдин бийликке болгон ишеними төмөн. Башка өнүккөн өлкөлөрдө бийликчил партиялар коркпостон, ачык чыгып, ачык күрөшүшөт. Биздин да талапкерлер, партия лидерлери такшалып олтуруп ошондой даражага жетет деп ойлойм, — деди өлкө башчы.

Жээнбеков журналистке берген жообунда кайсы партиялар парламентке татыктуу экенин ачык айтуу — үгүттөөгө жатарын эскертип, бирок Жогорку Кеңештен  5-6 партияны көргүсү келерин айтат.

Мен «тигил», «бул» деп партияларды атаганым туура эмес, ачык үгүттөө болуп калат. Бирок парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем. Себеби, бул өлкө үчүн, өлкөнүн туруктуулугу үчүн керек. Ошол үчүн 9 пайыз эмес, 7 пайыздык босогону колдогонумдун негизги себеби дал ушул болгон. Парламентке канча көп партия келсе, ошончолук өлкө үчүн утуш болот, — дейт президент.

Өлкө башчы парламентке кайсы партиянын келиши элдин колунда экенин, эл кандай добуш берсе, ошондой жыйынтык болорун айтып, шайлоонун ачык-айкын, таза өтөрүн дагы бир жолу кайталады.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия ат салышып жатат. Мыйзамга ылайык, шайлоого катышкан жарандардын 7 пайыздан көп добушун алган партиялар парламентке өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM