Биз менен байланышыңыз

Чүйдө түрк жаранына кол салууга шектүүлөр изделип жатат

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 395 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Чүй облустук милициясы түрк жаранына кол салууга шектүүлөрдү издеп жатат. Облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 24-сентябрда түнкү саат 23:50 чамасында Аламүдүн райондук милициясына чалуу болуп, карактоо фактысы боюнча кабар берилген.

Бул фактынын негизинде милиция окуя болгон жерге барып, беткапчан белгисиз жарандар күч колдонуу аркылуу 42 жаштагы Түркия жаранына кол салышканын аныкташкан. Окуя Кашка-Суу айылында болгон.

Кол салгандар жабырлануучунун 80 миң сомун, автоунаасын алып качып кетишкен. Жабырлануучу денесинен ар кандай жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда бул факты Кылмыш жаза кодексинин “Каракчылык” (202-берене) менен каттоого алынып, тергелип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM