Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллардын курсу 80 сомго жакындады

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 414 | 0

Кыргызстанда доллардын курсу кайрадан кымбаттап, 1 АКШ доллары 80 сомго жакындады. Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 79 сом 76 тыйынга сатылып, 79 сом 41 тыйынга сатып алынууда.

Ал эми Улуттук банктын 25-сентябрга карата расмий курсу 79 сом 34 тыйынды түзүүдө. 26-сентябрга карата 79 сом 49 тыйын деп белгиленди.

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу быйыл март айында кымбаттап баштап, коронавирус күчөгөн маалда 85 сомго чейин жеткен.

23-сентябрда акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 80 сомго чейин чыкты.

Сентябрдан бери акча алмаштыруу жайларында доллар 1,5 сомго кымбаттады.

Улуттук банк доллардын наркын туруктуу сактоо максатында сентябрь айында эки жолу интервенция жасады. Мекеме 23-сентябрда 11,2 миллион доллар, 9-сентябрда 6,6 миллион доллар саткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM